# 7-берене. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү үчүн ишенимдүү башкаруучуга карата негизги талаптар

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 7-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-7

---

1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү үчүн ишенимдүү башкаруучу төмөнкүлөргө тийиш:

1) мамлекеттик ишкананы кошпогондо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, юридикалык жак (коммерциялык уюм) катары катталууга;

2) беш жылдан кем эмес ишти жүзөгө ашырууга;

3) акыркы үч жылдын жыйынтыгы боюнча өзүнүн финансылык отчётуна ылайык, кирешелүү болуп саналууга жана жабылбаган чыгымдары болбоого;

4) көз карандысыз аудитордук корутунду менен тастыкталган акыркы үч жыл үчүн финансылык отчётун берүүгө.

2. Мамлекеттик мүлктү төмөнкүдөй түрлөрдө өткөрүп берген учурда:

1) мүлктүк комплекс түрүндө өткөрүп берген учурда, ишенимдүү башкаруучу мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу убагында ишенимдүү башкарууну уюштуруучуга (мүлктүн менчик ээсине) зыян келтирилген учурда, чыгымдардын ордун толтуруу үчүн өткөрүп берилип жаткан мамлекеттик мүлктүн рыноктук наркынын 50 пайызынан кем эмес өлчөмүндөгү активдердин ээси болууга тийиш;

2) чарбалык шериктиктин жана коомдордун капиталдарындагы акциялар (үлүш) түрүндө өткөрүп берген учурда, ишенимдүү башкаруучу инвестициялык активдерди (үчтөн кем эмес мисалда) же болбосо инвестициялык активдери бар компаниянын башкаруучусу катары иштерди ийгиликтүү башкаруу тажрыйбасы болууга жана ушундай мисалдар боюнча маалыматтарды ачык-айкын берүүгө даяр болууга тийиш.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктун кошпогондо, ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө каралган ишенимдүү башкаруучуга карата талаптар, ушул Мыйзамдын 5-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда, мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берүүдө жайылтылбайт.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-8)
