# 5-берене. Мамлекеттик мүлктү түз өткөрүп берүү

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 5-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-5

---

1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

2. Мүлктү түз өткөрүп берүү төмөнкү учурларда колдонулат:

1) эгерде мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү зарылдыгы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса;

2) мамлекеттик мүлк жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктиктерге жана коомдорго өткөрүп берилсе;

3) стратегиялык объекттерге тийиштүү болгон чарбалык шериктиктердин жана коомдордун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 5 же андан аз пайызын ушундай чарбалык шериктиктин жана коомдун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 46 же андан көп пайызына ээ болгон башка акционерге (катышуучуга) объектти өнүктүрүүгө инвестиция салуу шартында өткөрүп берилсе.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-6)
