5-берене. Мамлекеттик мүлктү түз өткөрүп берүү
Күчүндө · 22.05.2018 редакциясы
1. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими боюнча жүзөгө ашырылат.
2. Мүлктү түз өткөрүп берүү төмөнкү учурларда колдонулат:
1) эгерде мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү зарылдыгы Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде каралса;
2) мамлекеттик мүлк жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктиктерге жана коомдорго өткөрүп берилсе;
3) стратегиялык объекттерге тийиштүү болгон чарбалык шериктиктердин жана коомдордун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 5 же андан аз пайызын ушундай чарбалык шериктиктин жана коомдун жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 46 же андан көп пайызына ээ болгон башка акционерге (катышуучуга) объектти өнүктүрүүгө инвестиция салуу шартында өткөрүп берилсе.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111784/st-5" title="5-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>