# 12-берене. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары жана милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 12-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-12

---

1. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучунун (мүлктүн менчик ээсинин) укуктары:

1) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктүн сакталышын жана бүтүндүгүн текшерүү;

2) документтерди жана маалыматтарды расмий суроо-талаптардын негизинде алуу;

3) акционерлердин жана катышуучулардын жалпы чогулушунда ишенимдүү башкаруучунун ыйгарым укуктарынын ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;

4) ишенимдүү башкаруучу тарабынан ишенимдүү башкаруу келишиминин шарттарынын аткарылышын текшерүү.

2. Ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө өткөрүп берүүгө;

2) ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыны төлөөгө жана ишенимдүү башкаруучунун зарыл чыгымдарынын ордун толтурууга.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-13)
