# 11-берене. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысы

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 11-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-11

---

1. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган сыйакыга, ошондой эле ага ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан түшкөн кирешенин эсебинен, бирок тиешелүү мезгилдеги кирешенин 20 пайызынан ашпаган өлчөмдө мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууда жумшалган зарыл чыгымдардын ордун толтурууга укуктуу.

2. Ишенимдүү башкаруучунун башкаруу боюнча чыгымдарынын орду төмөнкүдөй толтурулат:

1) акциялар аркылуу, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген акциялар боюнча дивиденддердин эсебинен жүзөгө ашырылат;

2) үлүштөр аркылуу, ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө, ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген үлүшкө тиешелүү таза пайданын эсебинен жүзөгө ашырылат.

3. Ишенимдүү башкаруу келишимине ылайык, мүлктүк комплексти башкаруу боюнча ишенимдүү башкаруучунун чыгымдарынын ордун толтуруу мамлекеттик мүлктү иштетүүдөн алынган кирешенин эсебинен, ишенимдүү башкаруу келишиминде каралган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.

4. Ишенимдүү башкаруучунун мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча зарыл болгон чыгымдарынын өлчөмү ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) тарабынан жыл сайын макулдашылууга жана бекитилүүгө тийиш.

5. Ишенимдүү башкаруучунун сыйакысынын өлчөмү өткөрүп берилген мамлекеттик мүлктү пайдалануудан алынган финансылык-чарбалык иштердин натыйжаларына жараша аныкталат.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-12)
