# 10-берене. Кепилдик төгүм

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 10-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-10

---

1. Кепилдик төгүмдүн (камсыз кылуунун) өлчөмү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилүүчү мамлекеттик мүлктүн наркынын 10 пайызынан кем эмесин түзүүгө тийиш жана конкурстук комиссия тарабынан, ал эми стратегиялык объекттер боюнча - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Кепилдик төгүм конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийинки он жумушчу күндүн ичинде, төмөнкүдөй учурларда кайтарып берилүүгө тийиш:

1) эгерде конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү деп таанылбаса;

2) эгерде конкурс болгон жок деп таанылса;

3) эгерде конкурска катышуу үчүн берилген билдирме конкурстун катышуучусу тарабынан чакыртылып алынса.

3. Кепилдик төгүм ишенимдүү башкаруучуга ишенимдүү башкаруу келишими боюнча милдеттенмелер аткарылган шартта кайтарылып берилет.

4. Ишенимдүү башкаруучу ишенимдүү башкаруу келишими боюнча өз милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, кепилдик төгүм соттун чечиминин негизинде кармалышы мүмкүн.

5. Жөнөкөй акцияларынын (үлүшүнүн) 51 пайызынан көбү мамлекетке таандык болгон чарбалык шериктиктерге жана коомдорго мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга түз өткөрүп берген учурда, кепилдик төгүм талап кылынбайт.

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-11)
