# 1-берене. Жалпы жоболор

- Документ: [Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111784)
- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 22-майы № 51 "Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 51
- Кабыл алынган күнү: 22.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2595/edition/874163/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111784/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө, 1-берене (22.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-1

---

1. Ушул Мыйзам мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн максаттарын, тартибин жана ыкмаларын аныктайт жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу процессинде ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен ишенимдүү башкаруучунун ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекетке таандык төмөнкү мүлккө жайылтылат:

1) чарбалык шериктиктердин жана коомдордун капиталдарындагы акцияларга (үлүштөргө);

2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тутумунда иштеген мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплексин кошпогондо, мүлктүк комплекс катарындагы мамлекеттик ишканаларга.

3. Ишенимдүү башкаруунун банк, камсыздандыруу жана инвестициялык иш чөйрөлөрүндөгү өзгөчөлүктөрү тиешелүү мыйзамдар менен белгилениши мүмкүн.

4. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү ага болгон менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111784/st-2)
