1-берене. Жалпы жоболор
Күчүндө · 22.05.2018 редакциясы
1. Ушул Мыйзам мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүнүн максаттарын, тартибин жана ыкмаларын аныктайт жана мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу процессинде ишенимдүү башкарууну уюштуруучу (мүлктүн менчик ээси) менен ишенимдүү башкаруучунун ортосунда келип чыккан укуктук мамилелерди жөнгө салат.
2. Ушул Мыйзамдын колдонулушу мамлекетке таандык төмөнкү мүлккө жайылтылат:
1) чарбалык шериктиктердин жана коомдордун капиталдарындагы акцияларга (үлүштөргө);
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тутумунда иштеген мамлекеттик ишканалардын мүлктүк комплексин кошпогондо, мүлктүк комплекс катарындагы мамлекеттик ишканаларга.
3. Ишенимдүү башкаруунун банк, камсыздандыруу жана инвестициялык иш чөйрөлөрүндөгү өзгөчөлүктөрү тиешелүү мыйзамдар менен белгилениши мүмкүн.
4. Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү ага болгон менчик укугунун ишенимдүү башкаруучуга өтүшүнө алып келбейт.
Берененин тексти 22.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111784/st-1" title="1-берене - Мамлекеттик мүлктү ишенимдүү башкаруу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>