# КРнын 2018-жылдын 21-майындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: КРнын 2018-жылдын 21-майындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 50
- Кабыл алынган күнү: 21.05.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111783>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2594/edition/1120236/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111783.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КРнын 2018-жылдын 21-майындагы № 50 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы (18.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111783

---

Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 18-январындагы № 4 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2018-жылдын 21-майы № 50 Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө

2018-жылдын 18-апрелинде

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111783/st-1)

Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: 171-берененин 2-бөлүгүндө "салык төлөөчү төлөгөн жана документ түрүндө тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн он пайызынан ашпаган өлчөмдө" деген сөздөр "же камкорчулук кеңештеринин дарегине салык салуучу төлөгөн жана документтер менен тастыкталган төлөмдүн суммасына тең, бирок билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 10 пайызынан ашпаган өлчөмдө, ал эми багуусунда үч же андан көп адам турган салык төлөөчүлөр үчүн, билим алууга чыгарып салууларды эске албастан, салык төлөөчүнүн салыктык базасынын өлчөмүнүн 25 пайызынан ашпаган өлчөмдө" деген сөздөргө алмаштырылсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111783/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Жээнбеков
