# 7-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 7-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-7

---

Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде белгиленген учурларда, лицензияда аныкталган мөөнөттөргө жер бөлүндүсүн жана жер тилкелерин убактылуу пайдалануу укугун берет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектерде санитардык коргоо зоналарын түзүүнү милдеттүү түрдө эсепке алуу менен сууну топтоочу курулмалар үчүн жерлерди бөлүп берет;

3) лицензиаттардын лицензиялык аянтка тоскоолдуксуз жетүүсүн камсыз кылат;

4) пайдалуу кендерди өз алдынча казып алууга бөгөт коёт;

5) кендерди иштетүүдө же жер казынасын геологиялык изилдөөдө пайдаланылган тоо-кен жана башка мүлктү жоюуга жана консервациялоого, ошондой эле жер тилкелерин рекультивациялоого катышат;

6) администрациялык-аймактык бирдиктин чегинде жайгашкан жер казынасынын тилкелерине конкурстарды жана аукциондорду өткөрүү боюнча комиссиялардын ишине катышат;

7) жер казынасын пайдалануу долбоорлорунун коомдук экологиялык экспертизасын уюштурат;

8) жер казынасын пайдалануучулардын иш-аракетине мыйзамсыз кийлигишүүнү токтотуу максатында жергиликтүү калктын арасында иш жүргүзөт;

9) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объектилери жайгашкан административдик-аймактык бирдиктин аймагында жашаган жергиликтүү калк үчүн социалдык пакеттерге жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчётторго жеткиликтүүлүктү камсыздайт. Социалдык пакеттер жана аларды ишке ашыруу боюнча жылдык отчеттор аларга кол коюлган күндөн жана/же алынган учурдан тартып жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрациянын имараттарында сакталууга тийиш;

10) алтын чайкоо иштери боюнча жеке ишкерлердин реестрин жүргүзөт жана мамлекеттик каттоону жүргүзөт;

11) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жер казынасын пайдалануу боюнча башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-8)
