# 55-берене. Өткөөл жоболор

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032); 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111928)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198299..1198300>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 55-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-55

---

1. 2012-жылдын 9-августундагы № 160 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүнө киргенге чейин жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алган жер казынасын пайдалануучулар лицензиялык шарттарды аткаруунун стадиясына (жумуштарды долбоорлоо же жүргүзүү) карабастан, колдонуудагы техникалык долбоорлорго ылайык лицензиялык аянттардын бурчтук чекиттеринин координаттарын тактап алууга укуктуу.

2. Ушул Мыйзамдын 31-беренесинин жоболоруна ылайык келбеген, ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар өзүнүн колдонулушун алар узартуу укугу жок берилген мөөнөт аяктаганга чейин сактап калат.

3. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын жыйноо жана жасалма таштар жана курулуш материалдары катарында пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээлери ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 6 айдын ичинде ушул Мыйзамда каралган жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө өзүнүн лицензиясын кайра жол-жоболоштуруу тууралуу арыз берүүгө милдеттүү.

Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасын пайдалануунун түрүн кайра жол-жоболоштурууга буйрутма алган учурдан тартып 3 айдын ичинде, эгерде аталган объект лицензияланбаса, буйрутмада көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кайра жол-жоболоштурууга милдеттүү. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын чогултуу жана ушул бөлүктө көрсөтүлгөн менчик ээлери тарабынан жер казынасын пайдалануунун башка түрүнө лицензияны кайра жол-жоболоштурууга өз мөөнөтүндө буйрутма берилбеген жасалма таш жана курулуш материалдары катарында пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар жокко чыгарылууга тийиш.

4. Коммерциялык максаттар үчүн минералогиялык, палеонтологиялык коллекцияларды чогултуу, декоративдик максаттар үчүн таш материалдарын чогултуу жана жасалма таштар жана курулуш материалдары катары пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны токтотуп тургандыгы үчүн жыйымдын эсеби ушул берененин 3-бөлүгүнө ылайык лицензия кайра жол-жоболоштурулган учурдан тартып жүзөгө ашырылат.

5. Чек арага чектеш суулардын нуктарындагы же жээктериндеги жер казынасын пайдаланууга укуктарды жүзөгө ашыруунун негизинде берилген лицензиялар алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат. Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды колдонуу мөөнөтү узартылбайт.

6. Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топуракты (буга ушул берененин 5-бөлүгүнүн колдонулушуна туура келбеген жер казынасын пайдалануучулар кирбейт) чалгындоо максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жер казынасын пайдалануучулар кийин ушул Мыйзамдын ченемдерине жана ченемдик укуктук актыларга ылайык пайдалуу кендер жаткан жерлерди геологиялык чалгындоо менен жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо аркылуу жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын негизинде иштерди улантууга укуктуу.

7. Ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин берилген жер казынасын пайдалануу укуктары аларда болгон колдонуу мөөнөтүн сактайт жана ушул Мыйзамдын 21-беренесинде белгиленген талаптарды сактоо менен бир жолу гана узартылышы мүмкүн.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 81, 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-56)
