# 54-берене. Жоготуулардын ордун толтуруу

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 54-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-54

---

1. Жер казынасын пайдалануучуга же мамлекетке жоготуулардын ордун толтуруп берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгилеген учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

2. Юридикалык жана жеке жактардын, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жер казынасынын табигый касиеттеринин начарлашына жана жер казынасын пайдаланууну толук эмес же толук бойдон токтотууга негиз болгон аракеттери жер казынасын пайдалануучунун жоготууларынын ордун толтуруп берүүгө укуктун келип чыгышына негиз болуп саналат.

3. Мамлекетке орду толтурулуп берилүүчү жоготуулардын өлчөмү жер казынасын пайдалануучунун күнөөсү боюнча экономикалык маанисин жоготкон запастардын санына жана баалуулугуна ылайык, ал эми жер казынасын мыйзамсыз пайдаланган учурда - мыйзамсыз казып алынган жана/же ушул иш-аракеттин натыйжасында жоготулган пайдалуу кендердин наркы менен аныкталат.

Жер астындагы сууларга байкоо жүргүзүүчү скважинаны жоготууга же зыянга учуратууга байланышкан жоготуулар жер казынасын пайдалануучулар тарабынан ушундай скважинаны куруунун наркына барабар өлчөмдө орду толтурулууга тийиш. Жоготууларды эсептөөнүн жана өндүрүп алуунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

4. Жер казынасын пайдалануу укугу юридикалык, жеке жактардын жана мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарынын күнөөсү боюнча негизсиз токтотулган же токтотулуп турулган учурларда аргасыз токтоп туруудан келип чыккан экономикалык зыян жер казынасын пайдалануучуга соттук тартипте күнөөлүү жактардын эсебинен толук көлөмдө орду толтурулуп берилет.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-55)
