# 50-берене. Техникалык долбоорлордун экспертизаларын жүргүзүү тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 50-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-50

---

1. Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу долбоорлорун кошпогондо, тийиштүү жумуштарды жүргүзүүнүн техникалык долбоорлору өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо талаптарына ылайык келиши боюнча экспертизаланууга тийиш.

Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу долбоорлору экологиялык коопсуздук талаптарына шайкештиги жагынан экспертизадан өтүүгө тийиш.

2. Экспертизаларды жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар техникалык долбоор келип түшкөн күндөн тартып төмөнкүдөй мөөнөттөрдө бардык каралган экспертизаларды жүргүзүүнү камсыз кылууга милдеттүү:

1) жер казынасынын жалпы мамлекеттик маанидеги объекттери үчүн - 3 айдын ичинде;

2) жер казынасынын башка бардык объекттери үчүн - бир айдын ичинде.

3. Техникалык долбоорлордун экспертизасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар же көз карандысыз эксперттер тарабынан жүзөгө ашырылат. Жер казынасын пайдалануучу мамлекеттик экспертизанын ордуна өнөр жай коопсуздугу жана жер казынасын коргоо жагында өзүнүн техникалык долбооруна көз карандысыз экспертизаны жүргүзүү үчүн кайрылууга укуктуу.

Мамлекеттик жалпы маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлер, пайдалуу металл кендер, мунай жана газ чыккан жерлер жана участоктор боюнча жер казынасын коргоо жагында техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын жүргүзүүгө жол берилбейт. Эгерде техникалык долбоорлордо бургулоо-жардыруу иштери караштырылса, мамлекеттик жалпы маанидеги пайдалуу кен чыккан жерлер, көмүр кендери, пайдалуу металл кендер, мунай жана газ, ошондой эле пайдалуу кендердин башка түрлөрү чыккан жерлер жана участоктор боюнча өнөр жайлык коопсуздук жагында техникалык долбоорлордун көз карандысыз экспертизасын жүргүзүүгө жол берилбейт.

4. Көз карандысыз экспертизалардын корутундулары алар жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталгандан кийин күчүнө кирет. Көз карандысыз эксперттерди аттестациялоонун, экспертизаларды жүргүзүүнүн жана корутундуларды жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

5. Көз карандысыз эксперттер Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

6. Жер казынасын коргоо жана өнөр жай коопсуздугу жана корутундуларды жол-жоболоштуруу жаатында техникалык долбоорлордун экспертизасын жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-51)
