# 5-берене. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 5-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-5

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) жер казынасынын Мамлекеттик фондун тескейт жана башкарат;

2) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты жана мыйзамдарды ишке ашырууну жана өркүндөтүүнү камсыз кылат;

3) минералдык чийки заттын стратегиялык түрлөрүнө мамлекеттик муктаждыктарды канааттандырууга арналган жер казынасынын тилкелерин жана кен чыккан жерлерди аныктайт;

4) улуттук коопсуздукту, калктын коопсуздугун жана айлана-чөйрөнү коргоону камсыз кылуу максатында жер казынасын пайдаланууга чектөөлөрдү жана тыюу салууларды белгилейт;

5) стратегиялык мааниге ээ болгон жер казынасынын тилкелеринин, кен чыккан жерлердин тизмегин бекитет;

6) конкурска коюлууга тийиш болгон жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин бекитет;

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 3-июлундагы № 339 "Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казыналарынын участокторунун реестрин бекитүү жөнүндө" токтому

7) Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендердин запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы (мындан ары - ЗМК) жөнүндө жобону бекитет;

8) жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө техникалык регламенттерди бекитет;

9) Жер казынасын пайдалануу укугун берүүгө конкурстарды өткөрүү боюнча комиссиянын (мындан ары - конкурстук комиссия) курамын жана ал жөнүндө жобону бекитет;

10) ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

11) КТАД эл аралык стандартын сактайт.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жүзөгө ашырат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-6)
