# 48-берене. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда куруунун шарттары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 48-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-48

---

1. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан курулуш боло турган тилкенин, анын ичинде суу чыгаруучу курулмалардын жана санитардык коргоо зоналарынын астында пайдалуу кендердин, анын ичинде жер астындагы суулардын бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты алганга чейин калктуу конуштарды, өнөр жай комплекстерин жана башка объекттерди долбоорлоого жана курууга тыюу салынат.

2. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда курулуш куруу, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулуштарды жайгаштыруу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу менен төмөнкүдөй учурларда жол берилет:

1) эгерде келечекте иштетүүдөн жердин үстүнкү катмарын эсептик деформациясы курулуучу объект үчүн жол берилген сандардан ашпаса;

2) эгерде курулуучу объект үчүн аянтча иштетилген пайдалуу кен чыккан жердин үстүндө жайгаштырылса;

3) эгерде объектти куруу жана пайдалануу суу коргоо талаптарынын бузулушуна алып келбесе.

3. Пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз эркинче курулуш куруу өндүрүштүк чыгымдардын, жерлерди рекультивациялоо жана тургузулган объекттерди демонтаждоо боюнча чыгымдардын ордун толтурбастан токтотулат.

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-49)
