# 47-берене. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар жер казынасынын тилкелерин коргоо

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 47-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-47

---

1. Өзгөчө илимий же маданий баалуулугу бар геологиялык ачык жерлер, палеонтологиялык объекттер жана башка жер казынасынын тилкелери жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын корутундусу боюнча геологиялык коруктар, заказниктер, жаратылыштын же маданияттын эстеликтери деп жарыяланышы мүмкүн. Көрсөтүлгөн коруктардын, заказниктердин, жаратылыштын же маданияттын эстеликтеринин сакталышын бузган бардык иштерге тыюу салынат.

2. Жер казынасын пайдаланууда илим жана маданият үчүн баалуулугу бар геологиялык ачык жерлер, метеориттер, палеонтологиялык, археологиялык жана башка объекттер табылган учурда жер казынасын пайдалануучу жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга токтоосуз кабарлоого жана алардын кийинки илимий изилдөөлөрүнө тоскоолдук кылбоого милдеттүү.

Мында жер казынасын пайдалануучу тарабынан жер казынасын пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан макулдук алынганга чейин токтотулуп турат.

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-48)
