# 46-берене. Монополияга каршы талаптар

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 46-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-46

---

Төмөндөгүлөргө багытталган бардык аракеттерге тыюу салынат же белгиленген тартипте жараксыз деп таанылат:

1) юридикалык жана жеке жактардын конкурстарга, аукциондорго катышууга жеткиликтүүлүгүн чектөөгө;

2) жер казынасын геологиялык изилдөөдө жана/же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө кандайдыр бир лицензиаттын монополиялык абалын түзүүгө;

3) жер казынасын пайдаланууда үстөмдүк кылуучу абалга ээ болгон чарба жүргүзүүчү субъекттер менен атаандашкан юридикалык жана жеке жактарды басмырлоого;

4) чектеш жана чектеш эмес жер, тоо-кен жана геологиялык бөлүндүлөргө жетүү укугун берүүдө кодулоого.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-47)
