# 44-берене. Жер астындагы сууларды пайдаланууну жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 44-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-44

---

1. Ушул беренеде каралган шарттар сакталганда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албастан гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого жол берилет.

2. Өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо жагынан экспертизадан өткөн бургулоого долбоору болмоюнча 30 метрден ашык тереңдикке гидрогеологиялык скважиналарды бургулоого, ошондой эле атайын уруксаты жок жактардын бургулоосуна тыюу салынат.

3. Жеке жактардын ишкердик ишти жүзөгө ашырууга жана өрт өчүрүүгө байланышпаган өздүк муктаждыктары үчүн жер астындагы сууларды чыгаруусун жана пайдалануусун кошпогондо, жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу милдеттүү түрдө лицензияланууга тийиш.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-45)
