# 43-берене. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана-чөйрөнү мамлекеттик коргоо жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөл

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 43-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-43

---

1. Жер казынасын пайдаланууда жер казынасын, айлана-чөйрөнү мамлекеттик коргоонун жана өнөр жайлык коопсуздукка мамлекеттик көзөмөлдүн милдети болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) жер казынасын бардык пайдалануучулар тарабынан жер казынасы, өнөр жайлык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө мыйзамдарды сактоо;

2) жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоо;

3) жер казынасын пайдалануунун зыяндуу кесепеттеринин алдын алуу, аларды минималдаштыруу жана жоюу;

2. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын макулдугу болмоюнча Мамлекеттик жер казына фондунун чектеринде өзгөчө кайтаруудагы жаратылыш аймактарын уюштурууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-44)
