# 42-берене. Жер казынасын башка пайдалануучуга убактылуу пайдалануу укугу берилген жер тилкесине карата сервитут

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 42-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-42

---

1. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдалануу укугу берилген жер тилкесине карата ыктыярдуу түрдө же соттун чечими боюнча белгиленген сервитут төмөнкүдөй учурларда келип чыгат:

1) жер бөлүндүсүнүн аянтына салынган региондук жана мамлекеттик маанидеги авто жана темир жол магистралдарын, суу өткөргүчтөрдү, мунай-газ түтүктөрүн, электр линияларын жана башка курулуштарды тейлөөдө жана оңдоодо;

2) эгерде тоо-кендик бөлүндү жердеги авариялык кырдаалды жоюу үчүн чектеш жана/же чектеш эмес жер тилкеси тараптан кирүү ылдамыраак болсо;

3) мамлекеттик программалар жана пландар боюнча геологиялык, геофизикалык, топографиялык, маркшейдерлик, археологиялык жана башка изилдөө иштерин жүргүзүүдө.

2. Башка жер казынасын пайдалануучуга убактылуу пайдалануу укугу берилген жер тилкеси жагынан сервитутка карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинде каралган эрежелер колдонулат.

---

Мурунку берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-41)  
Кийинки берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-43)
