# 39-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияларды өзгөртүү, толуктоо жана трансформациялоо

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 39-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-39

---

1. Лицензиаттын же лицензиардын демилгеси боюнча жана бири-бирин макулдугу менен жер казынасын пайдалануу укугуна карата лицензияга жана лицензиялык макулдашууга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.

2. Жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган 30 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияга жана лицензиялык макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет.

3. Ушул Мыйзамда каралган учурларда жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо үчүн лицензиат лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз берүүгө укуктуу.

4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны трансформациялоо жөнүндө арыз 30 календардык күндүн ичинде каралат.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-40)
