# 38-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна күрөө жана лицензияларды өткөрүп берүү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198299..1198300>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 38-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-38

---

1. Лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун ушул Мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөр менен "Күрөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык күрөө жөнүндө келишимдин негизинде үчүнчү жакка күрөөгө коюуга укуктуу.

2. Жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө коюу келишими жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.

Жер казынасын пайдалануу укугун күрөөгө коюу келишими катталбаса, бул келишим жокко эсе, ал эми ал боюнча укук жараксыз болуп саналат. Жер казынасын пайдалануу укуктарын күрөөгө өткөрүп берүү жер казынасын пайдалануу укуктарын мыйзамда каралган учурларда токтотуп турууга жана токтотууга тоскоолдук кылбайт.

3. Күрөө келишими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун өндүрүп алуу бул келишим мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып 6 айдан кийин гана мүмкүн.

4. Жер казынасын пайдалануу укугун өндүрүп алуунун натыйжасында лицензиянын башка жакка өтүшү лицензияны кайра жол-жоболоштуруу үчүн негиз болуп саналат.

5. Лицензиат жумуштарды жүргүзүүгө лицензиялык макулдашуу түзүлгөн датадан тартып 2 жыл өткөндөн кийин лицензия боюнча укукту колдонуудагы лицензиялык макулдашуунун шарттарын сактоо кепилдиги менен башка жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу. Лицензияны өткөрүп берүү бонустун, роялтинин жана жер казынасын пайдалануу үчүн жыйымдын суммаларын төлөө боюнча жер казынасын пайдалануучунун карыздары жок болгондо мүмкүн.

Жарандык мыйзамдарда каралган универсалдуу укук мурастоонун натыйжасында жер казынасын пайдаланууга мурастоо жолу менен укук берүүгө жол берилбейт. Өндүрүп алууну күрөөгө багыттоонун натыйжасында жер казынасын пайдалануу укугун алган коммерциялык банктар, жер казынасын пайдалануу укугун ушул бөлүктө көрсөтүлгөн мөөнөттү сактабастан башка жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

6. Жарандык мыйзамдарда каралган универсалдуу укук мурастоонун натыйжасында лицензия боюнча укуктун өтүү учурларын кошпогондо, өндүрүп алууну күрөөгө айландыруунун же лицензия боюнча укуктарды өткөрүп берүүнүн натыйжасында лицензиянын башка жакка өтүшү лицензияны алууга теңештирилет жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган бонусту төлөөгө алып келет.

7. Жер казынасын пайдалануу укугун каттоонун жана кайра жол-жоболоштуруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилүүчү Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.

(КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-39)
