# 31-берене. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялардын шайкештиги

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 31-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-31

---

1. Геологиялык издөө, геологиялык чалгындоо иштерине же иштеп чыгууга жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жер казынасынын тилкесине карата үчүнчү жактар лицензиаттын уруксаты болбостон жер казынасын пайдалануу укугуна колдонуудагы лицензияда каралбаган пайдалуу кендердин түрлөрүнө карата геологиялык издөө жана геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө же иштеп чыгууга жана пайдалуу кен чыккан жерлердин башка топторуна кирген жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алууга укуктуу.

2. Айкалышкан лицензиялык аянттарда пайдалуу кендердин белгиленбеген түрлөрү табылган учурда, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын ээси лицензиясында пайдалуу кендердин табылган түрүн камтыган лицензиатка табылган пайдалуу кендер тууралуу маалыматты сатып алууну сунуш кылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-30)  
Кийинки берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-32)
