# 30-берене. Социалдык пакет

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 30-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-30

---

1. Социалдык пакет жер казынасынын объекти жайгашкан аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн программасынын негизинде иштелип чыгуучу макулдашуу түрүндө түзүлөт. Макулдашуу жер казынасын пайдалануучу менен тиешелүү администрациялык-аймактык бирдиктин аткаруу органынын ортосунда түзүлөт.

2. Социалдык пакетти түзүү боюнча милдеттенме пайдалуу кендерди чалгындоо жана иштетүү стадиясында турган жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттерине гана жайылтылат. Мында социалдык пакетке конкурстук объекттер жайгашкан аймактагы жергиликтүү коомчулуктун социалдык-тиричилик шарттарын (кадрларды даярдоо, жергиликтүү калкты жумушка орноштуруу, инфраструктураны куруу жана башка шарттар) инвестициялоо программасы кирет.

3. Социалдык пакет жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга техникалык долбоорду түзүү стадиясында берилет.

Социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча отчёт, отчётторду жыл сайын берүү этабында берилет. Социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча отчётто төмөнкүдөй минималдуу маалыматтар камтылууга тийиш: аны ишке ашыруунун этаптары жана мөөнөттөрү, өткөн календардык жылдын ичиндеги жыйынтыктар жана кетирилген чыгымдар. Социалдык пакет жана жылдык отчёттор алар кабыл алынган учурдан тартып 10 күндүн ичинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жарыяланат.

---

Мурунку берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-29)  
Кийинки берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-31)
