# 29-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун лицензиялоо

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2022 года № 47 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О недрах", "О соглашениях о разделе продукции при недропользовании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112381)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 22.06.2022 [Закон КР от 22 июня 2022 года № 47 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О недрах", "О соглашениях о разделе продукции при недропользовании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112381); 23.03.2020 [Закон КР от 23 марта 2020 года № 29 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере взимания неналоговых доходов и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О государственных гарантиях отдельным категориям партийных руководителей Киргизской ССР"](https://aqlex.ai/kg/doc/112032)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198302..1198303>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 29-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-29

---

1. Төмөндөгүлөрдү кошпогондо, жер казынасын пайдалануу укуктарынын бардык түрлөрү лицензияланууга тийиш:

1) концессиялык келишим боюнча жер казынасын пайдалануу укугун;

2) мамлекеттик каттоону.

2. Жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын пайдалануу укугуна берилүүчү лицензиялардын саны чектелбейт.

3. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия алгандан кийин лицензиат Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте жана мөөнөттө бонусту жана жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонулушунун биринчи жылы үчүн лицензияны кармап тургандык үчүн жыйымды төлөөгө жана төлөө фактысын тастыктаган документтерди жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.

4. Жер казынасын пайдаланууга лицензия берилгенден кийин лицензиат өнөр жайлык, экологиялык коопсуздук жана жер казынасын коргоо боюнча он мүнөздөгү эксперттик корутундулары бар техникалык долбоорду аткарат жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.

5. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери боюнча техникалык долбоорду берүү мөөнөтү конкурстун шарттарында каралат. Мында техникалык долбоорду берүүнүн мөөнөтү баштапкы мөөнөттөн ашпаган мөөнөткө бир жолу узартылышы мүмкүн.

6. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, бардык зарыл экспертизалар алынган техникалык долбоорсуз жана/же лицензиялык макулдашуусуз жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салынат.

Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жана шарттары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобого ылайык бекитилет. (КР 2020-жылдын 23-мартындагы № 29, 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-30)
