# 27-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуунун натыйжалары

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 26 июня 2021 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112261)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198300..1198301>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 27-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-27

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу жер казынасын пайдалануучунун төмөнкүдөй милдеттерин жокко чыгарбайт:

1) жер участогун рекультивациялоо жана тоо-кендик мүлктү жоюу боюнча;

2) жер казынасын пайдалануу укугунун кийинки ээсине өткөрүп берүүгө чейин тоо кендик мүлктү консервациялоо жана адамдар жана айлана чөйрө үчүн сакталган, бузулбаган жана коопсуз абалында кармап туруу боюнча;

3) геологиялык маалыматтарды жана алгачкы документтерди Мамлекеттик геологиялык маалымат фондуна өткөрүп берүү боюнча;

4) жер астындагы сууларды булгануудан жана соолуудан коргоо боюнча.

2. Тоо-кендик мүлккө менчик укугунун өткөрүп берилиши жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жак менен жер казынасын пайдалануу укугунун жаны ээсинин ортосундагы келишимге ылайык жүргүзүлөт.

3. Эгерде кийинки лицензиатка лицензия берилген күндөн тартып 90 күндүн ичинде тоо-кендик мүлккө карата менчик укугун өткөрүү келишими түзүлбөсө, лицензиат жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка карата калтырылган тоо-кендик мүлк жайгашкан жер боюнча сотко лицензиаттын техникалык долбооруна ылайык пайдаланууга жаткан тоо-кендик мүлктү сатуу, сатып алуу келишимин түзүүгө милдеттендирүү жөнүндө жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон жакка лицензиат төлөөчү компенсациянын көлөмүн аныктоо жөнүндө кайрылууга укуктуу.

4. Лицензиат ага менчик укугунда таандык болбогон тоо-кендик мүлктү пайдаланган учурда жер казынасын пайдалануу укугун жоготкон, тоо-кендик мүлктүн менчик ээси сотко кайрылууга укуктуу.

5. (КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 81 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 2021-жылдын 26-июнундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-28)
