# 24-берене. Аукционду өткөрүү тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")](https://aqlex.ai/kg/doc/230005415)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.05.2024 [Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")](https://aqlex.ai/kg/doc/230005415); 23.06.2022 [Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112407)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198304..7196>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 24-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-24

---

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен жобонун негизинде жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аукциондорду уюштурат.

Аукциондук комиссия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, таламдаш министрликтердин жана ведомстволордун, жер казынасын пайдалануу укугунун объекти аймагында жайгашкан жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрүнөн турууга тийиш. Комиссиянын курамы (5 адамдан кем эмес) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын буйругу менен бекитилет. Комиссиянын төрагасы жана катчысы болуп жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү дайындалат. Комиссиянын катчысы комиссия чечим кабыл алган учурда добуш берүү укугуна ээ эмес, комиссиянын жыйыналыштарын даярдоо жана өткөрүү боюнча иш жүргүзөт, комиссиянын жыйыналыштарынын протоколун жүргүзөт жана добуш берүүдө комиссиянын мүчөлөрүнүн добуштарын эсептейт.

2. Аукционду өткөрүү жөнүндө кулактандыруу аукционду өткөрүүнүн датасына чейин 45 күндөн кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Интернет-сайтына жайгаштырылат.

3. Аукциондор ачык болуп саналат.

4. Аукционго коюлуучу жер казынасынын тилкесинин башталгыч баасы бонустун жана жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтын наркынын суммасынан кем болбоого тийиш.

Аукционго коюлган жер казынасынын ар бир тилкеси боюнча жер казынасы жөнүндө зарыл геологиялык маалыматтын көлөмү жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

5. Аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны сунуштаган талапкер эсептелет.

Ири жана орто алтын, күмүш кендерин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна аукциондун жеңүүчүсү болуп жер казынасын пайдалануу укугун алуу үчүн эң жогорку бааны жана мамлекетке үлүштү сунуштаган талапкер эсептелет. Өткөрүп берилүүчү үлүштүн өлчөмүн аныктоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Аукциондун жеңүүчүсүнө аукциондук комиссиянын протоколунун негизинде жер казынасын пайдалануу укугу берилет.

7. Аукциондун катышуучуларынын чыгымдарынын орду толтурулбайт.

(Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 23-июнундагы № 48, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-25)
