# 22-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")](https://aqlex.ai/kg/doc/230005415)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.05.2024 [Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")](https://aqlex.ai/kg/doc/230005415); 23.06.2022 [Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112407); 05.08.2021 [Закон КР от 5 августа 2021 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112279)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198304..7196>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 22-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-22

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү жолдор менен берилиши мүмкүн:

1) конкурс өткөрүү;

2) аукцион өткөрүү;

3) "биринчи берилген өтүнмө" эрежесин колдонуу;

4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алуу.

2. Конкурстар жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өткөрүлөт.

3. Аукциондор тийиштүү реестрге киргизилген жер казынасынын тилкелери боюнча өткөрүлөт.

Аукциондук жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген критерийлерге ылайык түзөт жана бекитет. Реестрде аукциондук объекттердин бурчтук чекиттеринин координаттары милдеттүү түрдө камтылууга тийиш. Жер казынасынын тилкесине аукцион катары менен эки жолу өткөрүлгөн жок деп таанылганда, кеминде бир жылга танапис жарыяланат.

4. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:

1) конкурс же аукцион жолу менен берилүүчүлөрдү кошпогондо, жер казынасынын тилкелерине;

2) жер казынасын геологиялык иликтөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган жер казынасынын тилкелерине.

5. Кайталанган аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кеминде бир жылга танапис жарыяланат.

6. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен аныкталат.

7. Жер казынасын пайдалануу чек арага чектеш суулардын жана башка көлмөлөрдүн нуктарында же жээктеринде жүзөгө ашырылган учурларда жер казынасын пайдаланууга укук берилбейт.

8. (КР 2021-жылдын 5-августундагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

9. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)

(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-августундагы № 92, 2022-жылдын 23-июнундагы № 48, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-23)
