22-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн тартиби
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 мая 2024 года № 82
1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкү жолдор менен берилиши мүмкүн:
1) конкурс өткөрүү;
2) аукцион өткөрүү;
3) "биринчи берилген өтүнмө" эрежесин колдонуу;
4) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан чечим кабыл алуу.
2. Конкурстар жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча өткөрүлөт.
3. Аукциондор тийиштүү реестрге киргизилген жер казынасынын тилкелери боюнча өткөрүлөт.
Аукциондук жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген критерийлерге ылайык түзөт жана бекитет. Реестрде аукциондук объекттердин бурчтук чекиттеринин координаттары милдеттүү түрдө камтылууга тийиш. Жер казынасынын тилкесине аукцион катары менен эки жолу өткөрүлгөн жок деп таанылганда, кеминде бир жылга танапис жарыяланат.
4. "Биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөргө берилет:
1) конкурс же аукцион жолу менен берилүүчүлөрдү кошпогондо, жер казынасынын тилкелерине;
2) жер казынасын геологиялык иликтөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган жер казынасынын тилкелерине.
5. Кайталанган аукцион өткөн жок деп таанылган учурда кеминде бир жылга танапис жарыяланат.
6. Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын өзүнчө мыйзамдары менен аныкталат.
7. Жер казынасын пайдалануу чек арага чектеш суулардын жана башка көлмөлөрдүн нуктарында же жээктеринде жүзөгө ашырылган учурларда жер казынасын пайдаланууга укук берилбейт.
8. (КР 2021-жылдын 5-августундагы № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-августундагы № 92, 2022-жылдын 23-июнундагы № 48, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
22-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 6 мая 2024 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Недрах", "О биосферных территориях")Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 5 августа 2021 года № 92 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"Редакцияларды салыштыруу
06.05.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…пайдаланууга укук берилбейт.
8. (КР 2021-жылдын 5-августундагы алынып салынды: N кошулду: № 92 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
9. алынып салынды: Тарыхый чыгымдардын наркын аныктоо, эсептөө жана төлөө тартибин Кыргыз кошулду: (Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Министрлер Кабинети бекитет.
(КР кошулду: 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамына ылайык күчүн жоготот)
(Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 5-августундагы алынып салынды: N кошулду: № 92, 2022-жылдын 23-июнундагы алынып салынды: N 48 кошулду: № 48, 2024-жылдын 6-майындагы № 82 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 11-октябрындагы № 1484-VII "VII чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-2024-жылдарга карата сессиялык иш…Постановление · 11.10.2023 · № 1484-VII
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын -3-июнундагы № 295 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Жер казынасын пайдаланууда продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө…Постановление · 03.06.2020 · № 295
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Жер казынасы жөнүндө", "Биосфералык аймактар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 06.05.2024 · № 82
- Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 05.08.2021 · № 92
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-22" title="22-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>