# 21-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөттөрү жана аларды узартуу тартиби

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112407)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.06.2022 [Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112407); 08.07.2019 [Закон КР от 8 июля 2019 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111928)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198303..1198304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 21-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-21

---

1. Жер казынасын пайдалануу укуктарынын колдонулушунун төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:

1) геологиялык-издөө иштерине - 3 жылга чейин, техникалык долбоорго ылайык кийин 2 жылга чейин узартуу менен;

2) геологиялык чалгындоо иштерине - 4 жылга чейин, техникалык долбоорго ылайык кийин 3 жылга чейин узартуу менен;

3) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө - 20 жылга чейин, пайдалуу кендердин запастары түгөнгөнгө чейин кийин узартуу менен;

4) жер алдындагы сууларды алууга жана пайдаланууга - 10 жылга чейин, кийин узартуу мүмкүнчүлүгү менен;

5) жер казыналарын геологиялык издөөгө жана пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүгө байланышпаган объекттерге - техникалык паспортто каралган мөөнөткө, андан кийин ондоп-түзөтүлгөн техникалык долбоордо каралган мөөнөткө узартуу менен.

2. Мамлекеттик каттоонун негизинде берилген жер казынасын пайдалануу укугун колдонуу мөөнөтү илимий-изилдөө иштеринин программасын аткаруунун мөөнөтү менен аныкталат.

3. Концессиялык келишимдин жана продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуунун алкагында жер казынасын пайдалануу укугунун колдонулушунун мөөнөтү тийиштүү мыйзамдар менен аныкталат.

4. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиялар лицензияны колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин арыз берилгенде, лицензиаттын арызы боюнча узартылат.

5. Жер астындагы сууларды чыгаруу жана пайдалануу максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиаттын арызы боюнча төмөнкүдөй шартта узартылат:

а) арыз лицензиянын колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин берилгенде;

б) жер астындагы суулардын абалы жөнүндө он гидрогеологиялык корутунду болгондо;

в) үстүдөгү жылдын башталышынан тартып лицензия мөөнөтү аяктаган учурга чейин аткарылган иштер жөнүндө отчет тапшырылганда;

г) скважина жеке менчикте болгон учурларда арыз ээси тарабынан жер алдындагы сууларды алууга скважина ээси макул болгондо.

6. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз ал берилген күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде каралат.

7. Эгерде лицензиат жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арызды белгиленген мөөнөттө берсе, анда колдонуу мөөнөтү бүткөндүгүнө карабастан лицензия жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган лицензиянын колдонуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз жагынан чечим кабыл алмайынча жарактуу болуп кала берет.

(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 81, 2022-жылдын 23-июнундагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-22)
