# 20-берене. Жер казынасын пайдалануучулардын милдеттери

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июня 2022 года № 48 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112407)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198303..1198304>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 20-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-20

---

Жер казынасын пайдалануучулар төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү:

1) жер казынасын иликтөө, пайдалануу жана коргоо чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын сактоого;

2) техникалык-экономикалык негиздемеде же техникалык долбоордо каралган регламенттерге ылайык жер казынасынын негизги жана алар менен бирге жаткан пайдалуу кендерди жана чогуу болгон компоненттердин запастарын болушунча толук иргеп алууну камсыз кылууга;

3) кен чыккан жерлерди иштетүүдө иргеп алынган, кайра иштетилген жана жер казынасында калтырылган негизги жана алар менен бирге жаткан пайдалуу кендердин жана чогуу болгон компоненттердин запастарын эсепке алууга;

4) пайдалуу кен чыккан жерлерди пайдалуу кендердин сапатын жана кен чыккан жерлердин өнөр жайлык баалуулугун төмөндөтүүчү же аларды иштетүүнү татаалдаштыруучу суу каптоодон, суунун ташкынынан, өрттөн жана башка факторлордон коргоого;

5) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле мунай, газ же башка заттарды жана материалдарды жер алдында сактоодо, өндүрүштүк зыяндуу заттарды жана калдыктарды көмүүдө, саркынды сууларды агызып чыгарууда жер казынасын булгоонун алдын алууга;

6) пайдалуу кендерди казып алуу боюнча ишканаларды жана пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер астындагы курулмаларды консервациялоонун жана жоюунун белгиленген тартибин сактоого;

7) пайдалуу кендер жаткан аянттарда өз алдынча курулуш курууну болтурбоого жана бул аянттарды башка максаттар үчүн пайдалануунун белгиленген тартибин сактоого;

8) ичилүүчү же өнөр жайлык суу менен камсыздоо үчүн пайдаланылуучу суу топтоо аянттарында жана жер астындагы суулар жаткан жерлерде өнөр жайлык жана турмуш-тиричилик калдыктарынын топтолушун четтетүү;

9) пайдалуу кендердин нормативден жогору жоготууларын, кенди тандап иштетүүнү жана кен чыккан жерлердин запастарынын бузулуусун болтурбоого;

10) жер казынасындагы пайдалуу кендерди геологиялык изилдөөлөр, чалгындалган, пайдалуу кендердин алынган жана жер казынасында калтырылган запастары, аларда камтылган компоненттер жөнүндө, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган максаттарда жер казынасын пайдалануу жөнүндө отчетторун жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жыл сайын берүүгө;

11) жер казынасын пайдалануу менен байланышкан иштерди коопсуз жүргүзүүгө;

12) рекультивациялоо иш-чараларын мыйзамдарда белгиленген тартипте жүргүзүүгө;

13) жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга отчеттуулуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипте КТАД стандарттарына ылайык жыл сайын берүүгө;

14) сууну чыгарууну прибор менен эсепке алууну жүргүзүүгө;

15) суу топтогучтар жайгашкан тилкелерде жана чарбакер субъекттердин аймактарында жер астындагы сууларды соолуп калуудан жана булгануудан коргоого;

16) сууну үнөмдөөчү технологияларды, өнөр жайлык максаттарында сууну кайталап пайдаланууну, өзү атылып чыгуучу скважиналардын дебитин чектөөчү түзүлүштөрдү киргизүү жолу менен жер астындагы сууларды сарамжалдуу пайдаланууга;

17) жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын объекттерине карата социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча жылдык отчётту тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аткаруучу органына өткөрүп берүү өткөн календардык жыл аяктагандан кийин 30 күндүн ичинде жана жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жылдык отчёттуулукту берүү этабында ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык берүүгө;

18) бенефициарлар жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте берүүгө;

19) Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдер боюнча милдеттенмелерди кошпогондо, ошондой эле мындай товарлар же кызмат көрсөтүүлөр Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлбөгөн учурларда Кыргыз Республикасынын аймагында товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн кеминде 80 пайызын сатып алууга. Мында, эгерде Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүп жаткан товарлар же кызмат көрсөтүүлөр жер казынасын пайдалануучунун муктаждыктарын толук өлчөмдө жаппаса, ал жетпей жаткан көлөмдү кийин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабарлоо менен Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактан сатып алууга укуктуу;

20) эгерде Кыргыз Республикасы үчүн күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдеринде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын аймагындагы жумуштарга тартылган персоналдын жалпы штаттык санынан кызматкерлердин кеминде 90 пайызын Кыргыз Республикасынын жарандарынын ичинен жалдоого.

Ушул беренеде көрсөтүлгөн ченемдер Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде каралган чектөөлөр менен мамлекеттик каттоонун негизинде жүзөгө ашырылуучу жер казынасын пайдаланууга жайылтылат. (КР 2022-жылдын 23-июнундагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-21)
