# 2-берене. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 2-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-2

---

1. Жер казынасын пайдаланууда пайда болгон, жер, суу объектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.

2. Мамлекет жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү өз саясатын төмөнкүдөй жоболордун негизинде жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган жер казынасы анын гана менчиги болуп саналат;

2) жарандарды жана юридикалык жактарды тиешелүү түрдө жарандыгынын белгиси же катталган өлкөсү боюнча кодулоого жол берилбейт;

3) иштерди адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө умтулуу;

4) Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү жана башкаруу;

5) Кыргыз Республикасынын жер казынасын кайтаруу жана сарамжалдуу пайдалануу;

6) өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде жер казынасын пайдалануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;

7) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындыгы;

8) жер казынасын пайдаланууда атаандаштыкты чектөөгө жана монополиялаштырууга жол бербөө.

3. Продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуулардын жана концессиялык келишимдердин шарттарында жер казынасын пайдалануу мамилелеринин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленет.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-3)
