Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
2-берене. Жер казынасын пайдаланууда башка мыйзамдарды жана ченемдик укуктук актыларды колдонуу
Күчүндө · 27.06.2024 редакциясы · 1-глава
1. Жер казынасын пайдаланууда пайда болгон, жер, суу объектилерин, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн, атмосфералык абаны пайдалануу жана коргоо менен байланышкан жана ушул Мыйзам менен жөнгө салынбаган мамилелер Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдары менен жөнгө салынат.
2. Мамлекет жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү өз саясатын төмөнкүдөй жоболордун негизинде жүзөгө ашырат:
1) мамлекеттин өзгөчө коргоосунда турган жер казынасы анын гана менчиги болуп саналат;
2) жарандарды жана юридикалык жактарды тиешелүү түрдө жарандыгынын белгиси же катталган өлкөсү боюнча кодулоого жол берилбейт;
3) иштерди адамдар жана айлана-чөйрө үчүн коопсуз жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө умтулуу;
4) Кыргыз Республикасынын минералдык-чийки зат базасын өнүктүрүү жана башкаруу;
5) Кыргыз Республикасынын жер казынасын кайтаруу жана сарамжалдуу пайдалануу;
6) өз ара пайдалуу кызматташтыктын негизинде жер казынасын пайдалануу менен байланышкан мамилелерди жөнгө салуу;
7) лицензиялоо жол-жоболорунун ачыктыгы, айкындыгы;
8) жер казынасын пайдаланууда атаандаштыкты чектөөгө жана монополиялаштырууга жол бербөө.
3. Продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуулардын жана концессиялык келишимдердин шарттарында жер казынасын пайдалануу мамилелеринин өзгөчөлүктөрү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленет.
Берененин тексти 27.06.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлундагы № 431-т (Кыргыз Республикасынын минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн минералдык сырьенун стратегиялык…Распоряжение · 24.07.2023 · № 431-р
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү…Закон · 27.06.2024 · № 106
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Салык кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 19.04.2017 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине, "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)…Закон · 28.02.2017 · № 36 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111782/st-2" title="2-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>