# 19-берене. Жер казынасын пайдалануучулар

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 22 июня 2022 года № 47 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О недрах", "О соглашениях о разделе продукции при недропользовании")"](https://aqlex.ai/kg/doc/112381)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198302..1198303>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 19-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-19

---

1. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлгөн юридикалык жактар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча жеке ишкерлер катары катталган жеке жактар, анын ичинде чет өлкөлүк жарандар жер казынасын пайдалануучулар боло алат.

2. Жер казынасын пайдалануу укуктарын алууда жана жүзөгө ашырууда тиешелүүлүгүнө жараша жарандыгынын же катталган өлкөсүнүн белгилери боюнча жарандарды жана юридикалык жактарды басмырлоого жол берилбейт.

3. Чет өлкөлүк юридикалык жактар жер казынасын пайдалануу укуктарын берүү боюнча конкурстарга же аукциондорго катышууга же "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун алууга өтүнмө берүүгө укуктуу.

4. Аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган же болбосо пайдасына "биринчи берилген өтүнмө" эрежеси боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү жөнүндө чечим кабыл алынган чет өлкөлүк юридикалык жак ага жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында 100 пайыз үлүштүк катышуусу бар туунду компанияны түзүүгө милдеттүү.

41. Алтындын жана күмүштүн ири жана орто кендерин пайдалануу укугун берүү боюнча аукциондун же конкурстун жеңүүчүсү деп таанылган юридикалык же жеке жак, анын ичинде чет өлкөлүк жак жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны өзүнө жол-жоболоштуруу үчүн Кыргыз Республикасында мамлекеттин кеминде 30 пайыз милдеттүү үлүштүк катышуусу менен юридикалык жакты түзүүгө милдеттүү.

5. Конкурстун жыйынтыктары боюнча продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө концессиялык келишим же макулдашуу түзгөн учурда, ушул берененин 4-бөлүгүнүн талаптары тиешелүү мыйзамдарда белгиленген алып коюулар менен колдонулат.

(КР 2022-жылдын 22-июнундагы № 47 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-20)
