# 18-берене. Жер казынасын пайдалануу укугун берүүнүн негиздери

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июля 2019 года № 81 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О недрах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111928)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782#diff=1198298..1198299>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 18-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-18

---

1. Жер казынасын пайдалануу укугу төмөнкүлөрдүн негизинде келип чыгат:

1) лицензиянын;

2) мамлекеттик каттоонун;

3) концессиялык келишимдин;

4) продукцияны бөлүү жөнүндө макулдашуунун.

2. Төмөнкүлөр мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш:

1) бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын илимий изилдөөлөр;

2) жекече алтын чайкап алуу иши;

3) курулуш максаттарында кум-шагыл жана чопо топурак материалдарын конкурстук жана аукциондук объекттерге кирбеген тилкелерде казып алууга укук.

3. Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илим-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоону жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт.

4. Жекече алтын чайкап алуу иштерин мамлекеттик каттоону жана курулуш максаттарында кум-шагыл жана чопо топурак материалдарын конкурстук жана аукциондук объекттерге кирбеген тилкелерде казып алууга укукту мамлекеттик каттоону жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жүргүзөт.

5. Табигый рельефтен эки метрден ашпаган тереңдиктеги карьердин шарттарында кум-шагылдар аралашмасын жана чопо топурак казып алуу техникалык долбоорсуз жүзөгө ашырылат.

Карьердин тереңдиги 2 метрден ашкан учурда кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурак казып алуу өнөр жай жана экологиялык коопсуздук жаатында оң эксперттик корутундуну алган техникалык долбоорго ылайык жүзөгө ашырылат.

6. Кум-шагыл аралашмаларын жана чопо топурак казып алууну мамлекеттик каттоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тарабынан жүзөгө ашырылат.

Караңыз: КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-февралындагы № 43 "Кум-шагыл аралашмасын жана чопо топурак казып алуу укуктарын мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 81 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-19)
