# 17-берене. Жер казынасын пайдалануунун түрлөрү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 17-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-17

---

Жер казыналары төмөнкүлөр үчүн пайдаланууга берилет:

1) геологиялык карта түзүү жана региондук геологиялык, геофизикалык жана башка илимий изилдөөлөр;

2) геологиялык-издөө иштери;

3) геологиялык чалгындоо иштери;

4) жер астындагы сууларды алууну жана пайдаланууну кошо алганда, пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү;

5) пайдалуу кендерди иштетүүгө байланышпаган жер астындагы курулуштарды куруу жана иштетүү (мунайзатты, газды жана башка заттарды, материалдарды сактоо, зыяндуу заттарды көмүү, жердин жылуулугун пайдалануу жана башка муктаждыктар үчүн);

6) илимий, маданий, тарыхый, эстетикалык, санитардык-ден соолукту чыңдоочу жана башка мааниси бар өзгөчө корголуучу объекттерди (илимий жана окутуу полигондору, геологиялык коруктар, үңкүрлөр жана башка жер астындагы көңдөйлөр) түзүү.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-18)
