# 14-берене. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 14-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-14

---

1. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат Кыргыз Республикасынын менчиги болуп саналат.

2. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу мезгилине жер казынасын пайдалануучуга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте башка кызыкдар жактарга жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилиши мүмкүн.

3. Ишкерлердин, ишканалардын жана уюмдардын, анын ичинде биргелешкен жана чет өлкөлүк ишканалардын жана уюмдардын каржылоосу менен алынган жер казынасы жөнүндө геологиялык маалымат жер казынасын пайдалануу укугунун мезгилинде алардын менчиги болуп саналат, бул мезгил бүткөндө жер казынасы жөнүндө маалымат мамлекеттин менчигине акысыз өтөт жана геологиялык фонддорго өткөрүлүп берилет.

4. Мурда мамлекеттен алынган, ошондой эле мыйзам бузуу менен алынган жер казынасы жөнүндө мамлекеттик геологиялык маалыматы бар бардык жактар, алар жер казынасын пайдалануучу болгондугуна же жоктугуна карабастан, жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алгачкы талабы боюнча ошол маалыматты мамлекеттин менчигине берүүгө милдеттүү.

5. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматты мамлекеттин менчигине бербеген же берүүдөн качкан же жер казынасы жөнүндө так эмес маалымат берген учурда бул үчүн күнөөлүү жактар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-15)
