# 13-берене. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелери

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 13-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-13

---

1. Мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында жер казынасынын айрым тилкелери жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелерине киргизилиши мүмкүн.

2. Жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрин жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт жана бекитет.

Реестр жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин бурчтук чекиттеринин координаттарын милдеттүү тартипте камтууга тийиш.

3. Жер казынасын пайдалануу укугу берилген объекттер да жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын тилкелеринин реестрине киргизилет.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-14)
