# 12-берене. Пайдалуу кендердин запастарын жана ресурстарын мамлекеттик эсепке алуу жана каттоо

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 12-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-12

---

1. Пайдалуу кен чыккан жерлерде жайгашкан пайдалуу кендердин запастары жана болжолдонгон ресурстары - ЗМК чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынууга тийиш.

2. Пайдалуу кендердин запастарын мамлекеттик баланска коюу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен, өз ишин ЗМК жөнүндө жобого ылайык жүргүзгөн жогорку квалификациялуу эксперттердин ичинен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети түзгөн ЗМК жүргүзөт.

3. Пайдалуу кендердин запастарын эсепке алуу тартиби жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-13)
