# 11-берене. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 11-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансы кен чыккан жерлер боюнча пайдалуу кендердин саны, сапаты жана иликтенгендигинин даражасы, алардын жайгашуусу жана өнөр жайлык өздөштүрүү даражасы, казып алуу жана пайдалуу кендердин чалгындалган запастары менен иштеп жаткан ишканалардын камсыз кылынышы жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

2. Өнөр жайлык маанисин жоготкон казып алуу процессинде жоготулган же болбосо кийинки геологиялык чалгындоо иштеринде же пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүдө ырасталбаган пайдалуу кендердин баланстагы запастарын эсептен чыгаруу жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт, андан соң Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Пайдалуу кендерди эсептен чыгаруунун тартибин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктайт.

3. Казып алууга укук жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда мамлекеттик каттоо жолу менен берилүүчү пайдалуу кендердин запастары эсепке алынбайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-12)
