# 1-берене. Ушул Мыйзамдын колдонуу чөйрөсү

- Документ: [Жер казынасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111782)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 19-майындагы № 49 "Жер казынасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 49
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.06.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2593/edition/1198298/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111782/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.06.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жер казынасы жөнүндө, 1-берене (27.06.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-1

---

1. Ушул Мыйзам жер казынасын пайдаланууда мамлекеттин жеке жана юридикалык жактар менен келип чыккан мамилелерин жөнгө сапат.

2. Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жоболоруна негизделет жана ушул Мыйзамдан жана ага ылайык кабыл алынган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынан турат.

3. Ушул Мыйзам мамлекеттик укуктук жөнгө салуунун тартибин, мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясын, жеке жана юридикалык жактардын укуктарын жана милдеттерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти аныктайт.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111782/st-2)
