# 1-берене

- Документ: [Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111778)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 3-майындагы № 45 "Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 45
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 17.03.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об авторском праве и смежных правах" и признании утратившими силу некоторых законодательных актов Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112543)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111778/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2589/edition/1240365/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111778/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (17.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111778/st-1

---

"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 129-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 12-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"12-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасына таандык болот, анын атынан мамлекеттик заказчы иш жүргүзөт. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын авторуна сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, мүлктүк укуктарды алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү автор менен укук ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.";

2) 14-статьянын 6-бөлүгүндө "алты" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын.

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111778/st-2)
