1-берене
Күчүн жоготкон · 17.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: ЗАКОН Кыргызской Республики от 17 марта 2023 года № 62.
"Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., № 4, 129-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 12-1-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12-1-статья. Мамлекеттик келишим боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик муктаждыктары үчүн мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программага же маалыматтар базасына карата мүлктүк укуктар, эгерде мамлекеттик контрактта башкасы белгиленбесе, Кыргыз Республикасына таандык болот, анын атынан мамлекеттик заказчы иш жүргүзөт. Мамлекеттик контракт боюнча иштерди аткарууда түзүлгөн ЭЭМ үчүн программанын же маалыматтар базасынын авторуна сыйакы ушул статьянын биринчи бөлүгүнө ылайык, мүлктүк укуктарды алган жак тарабынан төлөнүп берилет. Сыйакы төлөөнүн тартиби жана өлчөмү автор менен укук ээсинин ортосундагы келишимде белгиленет.";
2) 14-статьянын 6-бөлүгүндө "алты" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 17.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О правовой охране программ для электронных вычислительных машин и баз данныхЗакон · 30.03.1998 · № 28 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111778/st-1" title="1-берене - Электрондук эсептөө машиналары үчүн программаларды жана маалыматтар базаларын укуктук коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>