# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111777)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2588/edition/870245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111777/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 2-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-2

---

"Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 768-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 3-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-1-пункт менен толукталсын:

"5-1) жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги - оорулардын алдын-алуу жана дарылоо максатында саламаттык сактоонун артыкчылыктуу керектөөлөрүн камсыз кылуучу медицинада колдонуу үчүн буюмдардын тизмеги;";

2) 2-глава төмөнкүдөй мазмундагы 6-1-берене менен толукталсын:

"6-1-берене. Медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу

1. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги бекитилет.

Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат.

2. Жашоодо маанилүү медициналык буюмдардын Улуттук тизмегине киргизилген медициналык буюмдарга бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-3)
