# 1-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу](https://aqlex.ai/kg/doc/111777)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 3-майындагы № 44 "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 44
- Кабыл алынган күнү: 03.05.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.12.2023
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 29 декабря 2023 года № 216 "Об обращении медицинских изделий"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000344)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2588/edition/870245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111777/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына ("Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө", "Медициналык буюмдарды жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу, 1-берене (29.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-1

---

"Дары каражаттарын жүгүртүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 767-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 4-берененин 26-пунктунда "жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын тизмеги" деген сөздөр "жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

2) 6-берененин 2-пунктунда "тизмегиндеги" деген сөз "Улуттук тизмегиндеги" деген сөздөргө алмаштырылсын;

3) 22-беренеде:

а) 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Медициналык жардам берүүнүн натыйжалуу түрлөрүнө жетүүнү жогорулатуу жана мамлекеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги бекитилет. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегин түзүүнүн критерийлери жана тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмеги мезгил-мезгили менен (эки жылда бир жолудан аз эмес) жаңыланып турат.";

б) берене төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-бөлүк менен толукталсын:

"2-1. Жашоодо өтө маанилүү дары каражаттарынын Улуттук тизмегине киргизилген дары каражаттарына бааларды түзүүнүн усулу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".

---

Кийинки берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111777/st-2)
