# 9-берене. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 9-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-9

---

1. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ага менчик укугунда таандык болгон, сактоого кабыл алынган продукцияны тескөөгө укуктуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган укуктарга ээ. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгү күрөөнүн предмети боло албайт.

2. Жөнөкөй кампа күбөлүгү менен тастыкталган укукту берүү үчүн, аны жаңы кармоочуга тапшыруу жетиштүү. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү келишим жана (же) жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы менен таризделиши мүмкүн.

Жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берүү продукцияны өткөрүп берүүгө теңештирилет. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп бергендиги жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана товардык кампага жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берген күндөн тартып беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-10)
