9-берене. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери
Күчүндө · 09.03.2023 редакциясы
1. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ага менчик укугунда таандык болгон, сактоого кабыл алынган продукцияны тескөөгө укуктуу, ошондой эле ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1 жана 2-пункттарында каралган укуктарга ээ. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгү күрөөнүн предмети боло албайт.
2. Жөнөкөй кампа күбөлүгү менен тастыкталган укукту берүү үчүн, аны жаңы кармоочуга тапшыруу жетиштүү. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү келишим жана (же) жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы менен таризделиши мүмкүн.
Жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берүү продукцияны өткөрүп берүүгө теңештирилет. Мында жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу жөнөкөй кампа күбөлүгүн өткөрүп бергендиги жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жана товардык кампага жөнөкөй кампа күбөлүгүн жаңы кармоочуга өткөрүп берген күндөн тартып беш жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө жазуу жүзүндө кабарлоого милдеттүү. Жөнөкөй кампа күбөлүгүн колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 7-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган иш-аракеттерди жасоого милдеттүү.
Берененин тексти 09.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/111772/st-9" title="9-берене - Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>