# 8-берене. Күрөө күбөлүгүн кармоочунун укуктары жана милдеттери

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 8-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-8

---

1. Күрөө күбөлүгүн кармоочу төмөнкүлөргө укуктуу:

1) кампа күбөлүгүн кармоочудан күрөө күбөлүгү менен камсыздалган талаптарды канааттандырууну талап кылууга;

2) күрөө жөнүндө мыйзамда каралган тартипте күрөө күбөлүгүнүн негизинде күрөөгө коюлган продукцияга болгон талап кылуу укугун каттоого;

3) эгерде жарандык мыйзамдарда же келишимде башкасы каралбаса, күрөө күбөлүгүн ага тиешелүү бардык укуктары менен кошо кампа күбөлүгүн кармоочунун кошумча макулдугусуз эле, индоссамент жасоо жолу менен үчүнчү жакка берүүгө;

4) күрөө жөнүндө мыйзамдарда каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.

2. Күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенме аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, күрөө күбөлүгүн кармоочу, күрөө жөнүндө мыйзамга ылайык күрөө күбөлүгүндө көрсөтүлгөн продукцияны өндүрүп алууга укуктуу.

3. Кредитор алдындагы күрөө күбөлүгү менен камсыздалган милдеттенменин өлчөмүндөгү карызды жоюуда, күрөө күбөлүгүн кармоочу күрөө күбөлүгүнө индоссамент жасоого жана аны кампа күбөлүгүн кармоочуга кайтарып берүүгө милдеттүү.

4. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда жана 3-бөлүгүндө каралган учурларда индоссамент жасаганда, күрөө күбөлүгүн кармоочу ушул Мыйзамдын 13-беренесинде каралган мөөнөттө товардык кампага жана баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жазуу жүзүндө кабар жиберүүгө милдеттүү.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-9)
