# 5-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана калыбына келтирүү

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарных складах и складских свидетельствах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772#diff=1233549..1233550>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 5-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-5

---

1. Ыйгарым укуктуу орган товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушун токтото туруусуна төмөнкү учурларда жол берилет:

1) кош кампа күбөлүгүн (жана анын айрым бөлүктөрүн) жана жөнөкөй кампа күбөлүгүн кармоочулардын арызы болгон шартта, продукцияны кабыл алууда жана жүктөп жөнөтүүдө анын саны жана сапаты жөнүндө туура эмес маалыматтарды системалуу эсепке алуу (календардык жылды түзгөн он эки календардык айдын ичинде эки жолудан ашык) фактылары табылганда;

2) ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү документи менен ырасталган, фитосанитария чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларда белгиленген сактоо шарттары бузулганда;

3) берилген, алмаштырылган жана жоюлган жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрү жөнүндө, алар жана кош кампа күбөлүгүнүн айрым бөлүктөрү жагындагы операциялар тууралуу ишенимсиз маалыматтардын мезгилдүү отчеттордо системалуу берилиши аныкталганда, баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын текшерүүсүнүн натыйжасында табылган жеке капиталдын өлчөмүнө карата талаптар жана башка талаптар сакталбаганда.

2. Товардык кампа күбөлүктүн колдонулушун убактылуу токтотуу жөнүндө чечимге административдик иш жана административдик жол-жоболор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга укуктуу.

3. Товардык кампанын күбөлүгүнүн колдонулушу ыйгарым укуктуу орган тарабынан ушул Мыйзамдын жоболорун же болбосо кампада сактоо жана кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) боюнча иштерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдардын башка жоболорун бузуулар товардык кампа тарабынан ал күбөлүктүн колдонулушу токтото турулган мөөнөттө четтетилген шартта кайра калыбына келтирилет.

Күбөлүктүн колдонулушун токтото туруу жана кайрадан калыбына келтирүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-6)
