# 4-берене. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана анын колдонулушун токтотуу үчүн негиздер

- Документ: [Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/111772)
- Толук аталышы: КР 2018-жылдын 17-апрелиндеги № 40 "Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Кабыл алынган күнү: 17.04.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 9 марта 2023 года № 52 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарных складах и складских свидетельствах"](https://aqlex.ai/kg/doc/112537)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772#diff=1233549..1233550>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-2583/edition/1233549/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/111772/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Товардык кампалар жана кампа күбөлүктөрү жөнүндө, 4-берене (09.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-4

---

1. Ыйгарым укуктуу орган төмөнкү учурларда товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоодон баш тартууга укуктуу:

1) эгерде товардык кампа Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

2) эгерде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан каралган документтердин толук тизмеги товардык кампа тарабынан берилбесе, же туура эмес маалымат берилсе, же берилген документтерде камтылган маалыматтарда так эместиктер же болбосо дал келбестиктер табылса;

3) эгерде арызды кароо жана күбөлүк берүү үчүн товардык кампа тарабынан акы төлөнбөсө.

Каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим ушул Мыйзамдын ченемине милдеттүү түрдө шилтеме жасоо менен баш тартуунун негизин камтууга тийиш.

2. Күбөлүктүн колдонулушу төмөнкү учурларда токтотулат:

1) кош жана жөнөкөй кампа күбөлүктөрүн берүү (чыгаруу) менен продукцияны кампага сактоо боюнча ишин ыктыярдуу токтоткон жана бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгуу ниетин билдирген учурда товардык кампа тарабынан арыз берилгенде;

2) эгерде соттун чечими менен товардык кампага жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн чыгаруу (берүү) менен продукцияны кампага сактоо ишин жүргүзүүгө тыюу салынса;

3) эгерде товардык кампа банкроттук жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте банкрот деп таанылса;

4) эгерде товардык кампа юридикалык жак катары ишин токтоткондугу катталса;

5) эгерде ыйгарым укуктуу орган күбөлүктүн колдонулушун токтото туруусуна негиз болгон себептер товардык кампа тарабынан четтетилбесе.

3. Бирдиктүү мамлекеттик реестрге тиешелүү маалымат киргизген датадан тартып күбөлүктүн колдонулушу токтотулду деп таанылат.

4. Товардык кампаны бирдиктүү мамлекеттик реестрге каттоо жөнүндө күбөлүктү алуудан баш тартуу жана анын колдонулушун токтотуу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

5. Бирдиктүү мамлекеттик реестрден чыгарылган учурда, товардык кампа жөнөкөй жана кош кампа күбөлүктөрүн бербестен (чыгарбастан) ишин жарандык мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырат.

(КР 2023-жылдын 9-мартындагы № 52 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-3)  
Кийинки берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/111772/st-5)
